• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Пензадагы жол кырсыгында Өзбекстандын жети жараны каза болду

12 Үчтүн айы 2024 15:42 Бишкек Govori.TV

11-январда Орусиянын Пенза облусунда катталган жол кырсыгында Өзбекстандын жети жараны каза болду.

Орусиянын Тергөө комитети кабарлагандай, 11-январда Москваны көздөй бараткан JAC үлгүсүндөгү минивэндин 1981-жылкы айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Volvo жүк унаасы менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил унаадагы жети киши каза болуп, дагы экөө жаракат алган.

«РИА Новости» агенттигинин маалыматына караганда, минивэнде Өзбекстандын мамлекеттик номуру болгон.

Кырсыкка байланыштуу «Керектөөчүнүн өмүрүнүн же саламаттыгынын коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү, анын айынан эки же андан көп адамдын өлүшү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 917