Мурунку президент Алмазбек Атамбаев пневмония оорусунан айыкты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Атамбаевдин абалы канааттандырарлык.
«Дарыгерлердин кеңешмесинин жыйынтыгы менен Атамбаевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайына которуу чечими кабыл алынды. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев ооруканага жаткырылган. 29-июнда Атамбаев саламаттыгы начарлаганын айткан, андан коронавируска карата ПЦР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы таза чыккан. Ошол эле күнү ага дарыгерлер консилиум жасап, Атамбаевге “эки тараптуу өпкөнүн сезгенүүсү” деген диагноз коюлган.
Ал ортодо Атамбаевдин үй-бүлөсү тергөө абагында ага ооруну атайылап жуктурушту деген билдирүү таратышкан эле.