Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү бардык поликлиникаларга электрондук кезек киргизип жатканын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, чоң поликлиникларда бул долбоор ишке ашырылган.
«30 жылдын ичинде «Манас таалими» программасынын айынан бардык клиникалар талкаланган. Азыр эмканаларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Мисалы, аймактарда балдар поликлиникасын ачтык”, — дейт министр.
«Буга чейин бир дарыгер бардыгына жана бардык ооруларга мониторинг жүргүзгөн. Ошондой эле төрөлгөн балдарга, кош бойлуу аялдарга жана кургак учук менен келгендерди да карачу. Мунун баарын биз оңдоп жатабыз. Бул убакытты талап кылат. Биз бардык поликлиникаларга атайын адистерди киргиздик, алар иштей башташты”, — дейт Алымкадыр Бейшеналиев.
Анын айтымында, реформа убакытты талап кылат.
«Мындан тышкары, айрым клиникалардын имараттары жеке менчикке өтүп кеткен. Аларды да кайтарып жатабыз», — деди министр.