• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Польшанын чек арасынан өтүүгө аракет кылган мигранттарга каршы көздөн жаш агызчу газ колдонулду

17 Жетинин айы 2021 9:20 Бишкек Govori.TV

Польшанын чек арачылары поляк-беларус чек арасындагы тосмону бузуп, Европа биримдигинин аймагына кирүүгө аракет кылган мигранттарды көздөн жаш агызчу газ жана суу менен аткылап таратышты.

Маалыматка караганда, чек арадагы кагылышуу 16-ноябрь күнү түшкү саат 12лерде «Брузги» өткөрмө бекетине жакын жердеги мигранттардын лагеринде болгон. Алгач мигранттардын тобу Польшанын чек арачыларына таштарды ыргытышкан. Жооп катары аларга каршы көздөн жаш агызчу газ колдонулуп, суу менен аткылашкан.

Польшанын Коргоо министрлиги кабарлагандай, мигранттар поляк чек арачыларына кулак тундуруучу гранаталарды да ыргыткан. Мындан тышкары алардын айрымдары противогаз кийип жүргөнү да байкалган. Буларды мигранттарга беларус чек арачылары берген болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Өткөн жумада «Брузги» өткөрмө бекетине эки миңдей мигрант келип топтолгон. Негизинен Ирактан келген күрддөрдү түзгөн топ постту курчоого алып, Евробиримдиктин аймагына өткөрүү талабын коюшкан. Польша чек арага аскерлерин жана ыктыярчы түзүмдөрдү тартып келип, мигранттарды өткөрбөй турат. Айрым мигранттар чек араны бузуп өтүүгө үлгүрүшкөн, бирок аларды аскерлер дароо кармашкан. Жакынкы Чыгыштан ташылып келинген мигранттар Беларустун аймагы аркылуу чек араны бузуп кирүүгө аракет кылып жатышат. ЕБ буга өбөлгө түздү деп беларус бийлигин айыптоодо. Расмий Минск мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Количество просмотров: 110