• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Позитивдүү маалыматты талап кылган депутаттар өлкөдөгү абалды билбейби?

26 Бугу 2023 13:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов бүгүн, 26-майда “Кыргызстандагы сөз эркиндигинин конституциялык кепилдиктери жана азыркы кырдаалы” деген жыйында ЖМКларда терс маанайдагы маалыматтар көп жазылганын айтты.

«Кечээ бир акылман кишини кабыл алдым, ысымын атабай эле коюн. Ал айтат: Эл күлбөй калды деп. Чындыгында социалдык тармактарда терс маалыматар тез тарайт. Биз бул жашоодо аз эле жашайбыз, келечек муунга үлгүлүү жана татыктуу жашап өтүшүбүз керек. ММКларда арлаш нерселер көбөйүп кетти. Журналистика жаатындагылар баары биригип, коомубузду жакшы жака бурушу керек. ЖМкларды көрүп, эл ошол жака бурулат. Качан караба «атып кетти», «камалды» , «көчүрүлдү» деген маалыматтарды көрөбүз, мындай болбойт. Элдин көңүлүн көтөрө турган жакшы жактарды дагы көргөзсөк болот. Сөз эркиндиги боюнча айта кетейин, өлкөдө аша чапкандар дагы бар»,-деди Осмонов.

Govori.TV мультимедиалык маалымат агенттигинин жетекчиси Кайыргүл Урумканова журналисттер кесиптик милдетин аткарып жатканын айтты.

«Журналисттердин эң башкы милдети мамлекттин саясатын жүргүзүп жаткан аткаминерлер менен элдин ортосунда көпүрө болуу, башка функциясы жок»,-деди Урумканова.

Ал эми журналист, фактчекер Асел Сооронбаева ЖМКларда жарыяланган көйгөйлүү макалалардын көпчүлүгү мамлекеттик органдар берген расмий маалыматтын негизинде жазылып, жарыяланарын айтты.

«Биз журналисттер эмне жазып жатканын изилдеп, анализдеп чыкканбыз. Ошонун 70% мамлекеттик органдардын пресс-релиздери болуп чыккан. Ошол эле УКМКнын, ИИМдин “зордукталды”, “уурдалды”, “кылмышкер кармалды” деген. Журналисттер болгону ошону эле чагылдырып жатат же журналисттер оюнан чыгарып жазып жатышабы?»,-деп билдирди ал.

Количество просмотров: 80