• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Премьер Абылгазиев Талас губернатору Мураталиевди сөктү

3 Баш оона 2018 23:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.08.2018.Govori.TV.
Бүгүн өкмөттүн Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевди какты.
«Мындай даярданып өкмөттүн отурумуна келген туура эмес. Сизди көруп жаткан башкалар кандай болот? Эмкиде даярданбай келсеңиз, ушул залга кирбейсиз»,- деп күйүп бышты Абылгазиев.
Ыйгарым укуктуу өкүл жыйынга эч даярдыгы жок келген. Ал сүрдөгөнүнөн залдан чалынып жыгылып кетип жаздады.
Эскерте кетсек, Марат Мураталиев берилген суроолорго жооп бермек түгүл, облустун билим берүү тармагы боюнча дагы эч кандай маалымат бере алган жок.
Ал,»бизде баары жетиштүү, кемчиликтер жок»,- деген эки ооз гана сөз айтканга жарады.
Бул жыйында ар бир өкмөт өкүлүнө өзүнүн аймагында кемчиликтерин жана артыкчыларын айтуу үчүн 20 мүнөттөн убакыт берилген болчу.

Ыкчам маалымат алуу үчүн, бул шилтеме аркылуу https://t.me/govori_tvбиздин телеграмга жазылыңыз!

Количество просмотров: 36