Бишкек.11.04.2019.Govori.TV
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 12 жашар Данилди издөөгө бардык күч-аракеттерди мобилдештирүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 12 жашар Данилди издөөгө бардык күч-аракеттерди жумшоону милдеттендирди.
Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге баланы издөөнү көзөмөлгө алуу жана бул үчүн бардык күч-аракеттерди мобилдештирүү тапшырмасын берди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, баланы мүмкүн болушунча тез арада аман-эсен табууга болгон күч-аракетти жумшоо керек.