Коомдук транспорт азырынча киргизилбейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
«Коомдук транспорт азырынча киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.