• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Премьер-министр Абылгазиев котормочусуз англис тилинде сүйлөп кыргызстандыктарды таң калтырды

8 Аяк оона 2018 22:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.08.09.2018.Govori.TV.
III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында КРнын Премьер-министри Музаммедкалый Абылгазиев котормочусуз эле англис тилин колдонуп сүйлөдү.
Абылгазиев салтанаттуу ДКОнун жабылуу аземиндеги сөзүн алгач эне тилинен баштап, официалдуу тилди дагы колдонууну унуткан эмес. Кийин англис тилинде сөз сүйлөп, көрөрмандарды таң калтырды. Анын англис тилинде сүйлөгөнү премьер министрге болгон көпчүлүк көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жана сый урматын жарата алды.
Англис тилинде сүйлөгөн тексти:
Dear friends!
Once again, the World Nomad Games demonstrated that, despite to all complexities and contradictions that exist in the world today, the nations eager for unity.
The historical development of the Kyrgyz nation was subject to all tests of time, despite this, it retained tolerance and generosity. We hope that we were able to demonstrate these qualities during the World Nomad Games.
On behalf of the Government of the Kyrgyz Republic, I have the honor to express my deep gratitude for your participation in the Nomad Games and wish you a good health, success and all the best in your life.
Kyrgyzstan will always be open to you. And will wait for you.
Урматтуу достор!
Кереметтүү кыргыз жергесине келип, Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышып бергениңиздер үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем.
Алган байгеңиздер өзүңүздөргө кут болсун. Кереметтүү жерибизде тынчтык жана бакубатчылык, кең пейил элибизде биримдик болсун. Көчмөндөрдүн рух биримдиги, күч биримдиги түбөлүккө сакталсын.
Дорогие участники и гости!
Объявляем Третьи Всемирные игры кочевников закрытыми!
Dear friends!
The World Nomad Games is officially closed!
Урматтуу катышуучулар жана коноктор!
Ушуну менен Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жабык деп жарыяланат!»
https://www.facebook.com/100004853384049/posts/1021797471325356/
Бүгүн III ДКОнун жабылыш аземи
Чолпон-Ата шаарында өттү.
Количество просмотров: 33