• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Премьер-министр «Айыл Банк» ААК капиталын 1 млрд сомго көбөйтүү жөнүндө буйрукка кол койду

15 Жетинин айы 2018 11:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.11.2018.Govori.TV. 
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун капиталын 1 млрд сомго көбөйтүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Бул чечим «Айыл Банк» ААКны мындан аркы өнүктүрүү жана бул финансылык мекеменин мамлекеттик акциялар пакетин натыйжалуу башкаруу максатында кабыл алынды. Бул чара атамекендик агрардык рынокту өнүктүрүүнү шарттайт.
Белгилей кетсек, «Айыл Банк» ААК – агрардык тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашырган өлкөнүн ири финансылык институттарынын бири болуп саналат, ошондой эле жеке жана корпоративдик кардарларды тейлөөнү, кошумча нарктын чынжырчасын каржылоону жана сооданы каржылоону камтыган сапаттуу банктык кызматтардын толук тизмесин сунуштайт. Болжолдонгондой, «Айыл Банк» ААК капиталынын көбөйүүсү Кыргыз Республикасынын экономикасынын бүтүндөй агрардык тармагына кыйла оңтойлуу таасир тийгизет, ошону менен бирге ал финансылык-туруктуу жана кирешелүү финансы институту катары өз өнүгүүсүн улантат.
Количество просмотров: 14