• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Министрлер кабинети: «Айыл банкка» 271 миллион сом бөлүнүп берилди

1 Чын куран 2022 16:45 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына топтолгон 271,7 млн сом кайтарымдуу финансы каражаттары «Айыл банк» ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. 

Тийиштүү токтомго Акылбек Жапаров кол койгон. Кабыл алынган чечимдин алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине «Айыл банк» ачык акционердик коому менен тийиштүү карыз милдеттенмесин түзүү тапшырылган.

«Айыл банк ачык акционердик коомуна алынган финансы каражаттарын айыл чарба субъекттерине жана кайра иштетүүчү ишканаларга айыл чарба, сугат техникаларын, машиналарды жана жабдууларды лизингге алууга 7 жылга чейинки мөөнөткө, улуттук валютада жылына 6 пайыз менен берүү үчүн багыттоосу сунушталды»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын соңунда «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна айыл чарба, кайра иштетүүчү техникаларды, жаадыргыч машиналарды жана тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды лизингге берүүгө кредиттик линия ачуу үчүн 426,6 млн сом бөлүнгөн.

Количество просмотров: 122