• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Премьер-министр Чыңгыз Айдарбековду эмгек жамаатына тааныштырды

18 Тогуздун айы 2018 9:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.10.2018. Govori.TV
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министр болуп дайындалган Чыңгыз Айдарбековду тааныштырды.
Анда Абылгазиев министрликтин ар бир кызматкеринин өлкөнүн оңдуу аброюн түзүүдөгү жана анын кызыкчылыктарын коргоодогу жоопкерчилигине басым жасады.
Эске салсак, 17-октябрда Жогорку Кеңештеги депутаттардын басымдуу бөлүгү Айдарбековдун талапкерлигин жактырган. Андан кийин президенттин буйругу менен Чыңгыз Айдарбеков Тышкы иштер министри болуп дайындалды.
12-октябрда буга чейинки министр Эрлан Абдылдаев өз арызынын негизинде иштен алынган.
Количество просмотров: 34