• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Социалдык өнүгүү министрлигиндеги мыйзам бузуу болгону тастыкталды

30 Тогуздун айы 2018 14:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.10.2018.Govori.TV
Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жөлөк пулдарды берүүдөгү жана кызматтык унааларды алуудагы мыйзам бузууларын  аныктады.

Мекеме Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева айтып чыккан фактылардын негизинде текшерген. Ага ылайлык, аталган министрлик Каржы министрлигине бул жылдын чыгашаларына өзгөртүү киргизүү сунушу менен кат жөнөткөн. Себеби мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөөдөн үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу максаты көздөлгөн.

Бюджет кодексинин 115-беренеси боюнча бюджеттин корголгон беренелеринин негизинде чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү мүмкүн эмес. Ошондуктан Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин сунушу мыйзамсыз болгон.

Количество просмотров: 29