• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Эмгек сиңирген жана эл артисттеринин пенсиясын көбөйтүү сунушталды

26 Жетинин айы 2018 16:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.11.2018. Govori.TV
Депутат Садык Шер-Нияз Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улугбек Кочкоровго өтүнүч менен кайрылды.
Айтымында, Кыргызстандын эмгек сиңирген жана эл артисттери аз өлчөмдө пенсия алышат. Же пенсиясынын көлөмү көбөйбөйт.
«Булар искусствонун генералдары. Эмне үчүн мамлекет күч түзүмдөрүнүн, аскерлердин пенсияларын көбөйтүп, артисттердикин унутуп коет? Эмнеге?», -деп суроо салды депутат.
Министр пенсиялык саясат менен министрлик эмес, Соцфонд алектенет деп жооп берди. Министрдин айтымында, мамлекеттик кызматкерлер жана маданият ишмерлери үчүн реестр иштелип чыкмакчы. Аларга тартифтик сетка боюнча пенсия каралмакчы.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 5 миң сом.
Количество просмотров: 26