• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Премьер-министр: Өкмөт өзүнүн алдына койгон милдеттерин ийгиликтүү аткарды

20 Жалган куран 202011:39 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдагы өкмөттүн иши үчүн отчёт берип жатат.

«Каржы институттарынын жана статистикалык комитеттин анализдери боюнча өкмөт өзүнүн алдына койгон милдеттерин ийгиликтүү аткарды десек болот. Өкмөт программасынын аткарылышы 95% түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 5% өстү. Жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашыруу 86,2%, калктын ишеним индекси 63,9%, эл аралык рейтинг 46,1% болду», — деди Абылгазиев.

Ошондой эле премьер-министр бир топ тармактарда реформа жүзөгө ашырылып жатканын белгилеп, Кыргызстан «Коррупцияны кабылдоо индекси — 2019» рейтингинде позициясын жакшыртып, 6 баскычка көтөрүлгөнун кошумчалады.

Количество просмотров: 343