• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Премьер-министр супермаркеттерди кыдырып товарлардын көпчүлүгү импорт экенине таң калды

27 Бирдин айы 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү продукция өзүбүздүн дүкөндөрүбүздө атаандаштыкка жөндөмдүү болушу үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүү зарыл. Бул тууралуу Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев көчмө жыйында билдирди.

Өкмөт башчы Бишкек шаарындагы алдынкы чекене соода супермаркеттердин бирине барып, анда коюлган продукциялардын номенклатурасы жана көзөмөл-кассалык машинанын иши, сатыктагы ликер-арак ичимдиктеринин акциздик маркаларынын болушу менен таанышты.

«Мен ата мекендик продукция дүкөндөрдүн текчесинде кандай сатылары менен жеке таанышуу максатында борбор калаанын көптөгөн супермаркеттеринин бирин атайын кыдырууну чечтим. Сунушталган алкоголдук продукциялардын жарымы импорттук экендигине көзүбүз жетти. Кондитердик товарлар боюнча биз коңшулардан калышып жатабыз. Мындай товарлардын дээрлик бардыгы тыштан ташылып келген. Биздин продукциялар импорттук товарлардан эч кем калышпайт. Алар экологиялык жактан таза, курамында генетикалык модификацияланган организмдер камтылган эмес. Эң башкысы – бул биздин, жергиликтүү товар. Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо керек. Бул үчүн аларды колдоонун натыйжалуу механизмдери иштелип чыгат. Биз мында катардагы сатып алуучулардын колдоосуна да ишенип турабыз, алардан көп нерсе көз каранды», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр импортту алмаштыруу саясатын күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

«Дүкөндөрдү жергиликтүү дыйкандар өстүргөн продукциялар менен толтуруу үчүн шарттарды түзүү керек. Эгерде Бишкек шаарынын дүкөндөрүндө бул жагдай канчалык бир деңгээлде канааттандырарлык болсо, аймактарда башка көрүнүш. Жашоочулар коңшу өлкөлөрдө чыгарылган товарларды сатып алышат. Алар дайыма эле арзан баада эмес. Биз ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдогондун ордуна импорттук өндүрүмдөрдү сатып алууга көнүп калганбыз. Айыл чарба продукцияларынын дээрлик 50% импорттук. Биз агрардык өлкө экендигибизди эске алганда бул жагымсыз көрсөткүч. Маселе бар, аларды чечүү керек», — деп баса белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы маселелердин катарында улуттук экономиканын начар өнүгүшүнүн башкы себеби болгон көмүскө экономиканы белгилеп өттү.

«Кызыктуу бир факт. Эгерде бир нече жыл мурда ташылып келген арак продукцияларынын көлөмү 1 млн 400 миң дал түзсө, анда бүгүн 500 миң далга аз. Бул ташылган товарлардын саны кыскарганын айтып турат, же товарлардын бир бөлүгү «көмүскө» схемалар менен алынып келинүүдө. Бул бир гана мисал. Бизнести көмүскөдөн чыгарып, анын ачык иштөөсүнө жетишүү үчүн фискалдаштыруу системасы киргизилип жатат. Биздин мамлекеттик саясат ушундай – ар бир товар жана тейлөө кызматы эсепке алынышы керек. Биз товар качан, кандай көлөмдө жана кандай баада ташылып келгенин билүүгө тийишпиз. Фискалдаштыруу системасын толук киргизүү аркылуу гана ачык экономика жана таза бизнес тууралуу сөз кыла алабыз», — деп билдирди Өкмөт башчы.

Мисал катары Премьер-министрге ликер-арак продукцияларына акциздик маркалардын аныктыгын текшерүү механизмдерин көрсөтүштү. Марканын аныктыгын ар бир керектөөчү салык кызматынын сайтынан текшере алат.

Өкмөт башчы накталай жана накталай эмес төлөм жүргүзүү аркылуу ККМ-онлайн системасынын ишин жеке көзөмөлдөдү. Андан соң ата мекендик продукцияларды илгерилетүү жана импортту алмаштыруу маселелерин талкуулоо кеңешмеде уланды. Ага Бишкек шаарынын ири чекене соода түйүндөрүнүн дүкөндөрүнүн жетекчилери катышышты.

«Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көйгөйлөрүнүн бири жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги. Өндүрүүчүлөрүбүз өндүрүмдөрүн экспортко жөнөтүп же жергиликтүү гипермаркеттерге сатууга берүү менен акчасын алуу үчүн кандайдыр бир убакытка кетүүгө мажбур болуп жатышат. Өндүрүштү кечеңдетпөө үчүн биз факторинг системасын пайдаланууну сунуштап жатабыз. Сатуучунун жана сатып алуучунун сатуу-сатып алуу тууралуу келишими болсо, банктар товардын суммасын беришет. Кийин акчаны сатып алуучу кайтарып берет. Бул системаны Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу Россияга экспорттоочуларыбыздын айрымдары колдонушат. Өндүрүүчүлөр менен эсептешүүнүн бул системасы боюнча гипермаркеттерибиз иштесе болот деп ойлойм», — деп сунуштады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр сооданын уюшулган түрүнө өтүү зарылдыгын белгиледи.

«2010-жылы чекене соода көлөмү 136 млрд сомду түзсө, 2019-жылы – 405 млрд сом болгон. Уюшулган сооданын үлүшү 60% ашкан. Бул көчө соодасы акырындык менен цивилизациялуу болуп бара жатканын айтып турат. Биз бул көрсөткүчтү өстүрүүгө тийишпиз. 400 млрд сом биздин экономика үчүн абдан чоң сумма. Ушул товар жүгүртүүнүн баары өлкө ичинде жүргүзүлсө, бизнестин кирешеси көбөймөк. Биз «Made in KG» брендинин алдындагы товарлардын саны дүкөндөрүбүздө көбөйүшүнө жетишишибиз керек», — деп жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгы боюнча бүгүн көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча механизмдерди иштеп чыгууну тапшырды.

Количество просмотров: 1655