Бишкек.23.11.2018.Govori.TV.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 23-ноябрда, жумушчу сапары менен Талас облусуна барат.
Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы аймактын бир катар айылчарба объектилеринин ишмердиги менен таанышат.
Анын ичинде Премьер-министр Бакай-Ата районундагы «Нур» көптармактуу айыл чарбакооперативин, Кызыл-Адыр айылындагы «Эмилия» сүт кайраиштетүүчү заводун жана Кара-Буура районундагы Жоон-Добоайылындагы М.Лущихин атындагы Мамлекеттик асыл тукум заводун көрүп чыгат.
Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас шаарындагы кызматкерлери үчүн көп кабаттууүйдүн курулушунун жүрүшүнтекшерет.