• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент А. Шадиев менен И. Жолдубаеваны бошотту

13 Чын куран 2018 18:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.04.2018. Govori.TV

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчынын орун басары Аскарбек Шадиев менен башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан бошткон жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Аскарбек Шадиевдин кызматтан кетишине Жогорку Кеңештеги парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов сыйлыгына арналган 30 000 АКШ долларынын жоголушу, ага комитет башчы катары А. Шадиевдин кол коюшу себеп болгон.

Ал эми Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу боюнча Жогорку Кеңешке Президент жолдогон сунуштамада анын Башкы прокуратурадагы ишинин начардыгы, коррупцияга каршы күрөштө координациялык кеңештин жыйынын өткөрбөгөнү айтылган.

Количество просмотров: 37