• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Президент абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барды

26 Жалган куран 2023 19:06 Бишкек Govori.TV

Президент Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барып, алардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн социалдык баракчасына жазды.

«Мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты.

1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Президент Жапаров казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу жана капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн башка шарттарын да жакшыртуу тапшырылды»,-деп жазат Султанбаев.

Количество просмотров: 992