• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Садыр Жапаров жана Дональд Лу Кыргызстан-АКШ кызматташтыгын талкуулашты

25 Чын куран 2023 9:00 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 24-апрелде, Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды.

Кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана артыкчылыктары боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы Дональд Лунун өлкөгө болгон сапары мындан аркы өз ара аракеттенүү үчүн жакшы белги экенин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун жазгы жыйынына катышуу үчүн Вашингтон шаарына болгон соңку сапарын айтып, Садыр Жапаров жетишилген бардык макулдашуулар, «жашыл экономикага» инвестицияларды тартуу жаатында белгиленген кызматташуу өз убагында ишке ашырылат деген ишенимин билдирди. Ал Кыргызстан чет элдик инвестициялар үчүн, тактап айтканда алдыңкы технологиялары жана заманбап өндүрүшү бар компаниялар үчүн ачык экендигине көңүлдү бурду.

“Биз «жашыл», санариптик жана креативдүү экономикага басым жасоого даярбыз. Келечекте Кыргызстандын чыгармачыл коому туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири катары дүйнөлүк чыгармачылык чөйрөгө жигердүү кириши керек деп күтөбүз”, — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Өз кезегинде АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу Кыргызстанга кайрадан келип жатканын чоң кубануу менен белгиледи. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ал ошондой эле Президент Садыр Жапаровду Сириянын түндүк-чыгышынан өлкөнүн 59 жаранынын мекенине ийгиликтүү кайтарылып келиши менен куттуктап, алар бул маселеде мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Дональд Лу белгилегендей, америкалык тараптын Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, атап айтканда, санариптик экономиканы колдоо, ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн башка багыттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу ниети бар.

Теги:
Количество просмотров: 51