• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент Акылбек Жапаровду баш кылып «сөктү»

25 Жетинин айы 202417:23 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

С. Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө:

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровго;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго;
– Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага;
– Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбековага;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Омурбековго сөгүш берилди.

Количество просмотров: 970