• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент Ата Мекендик согуштун ардагерлерине каражат бөлдү

27 Чын куран 2022 16:48 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз казматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 1-февралына карата Кыргыз Республикасындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жалпы саны 107 адамды түзөт.

Тескемеге ылайык, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгынын урматына Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин төмөнкү категорияларына 100 000 сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан 10 807 000 сом бөлүү тапшырылат:

– Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

– Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

– Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы жашы жете элек туткундарына;

– 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын
27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдарга жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга.

Мындан тышкары, 9-майга карата жогоруда аталган категориядагы адамдарга 20 000 сом өлчөмүндө жыл сайын кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул, ошондой эле эсептик көрсөткүчтүн алты эселенген өлчөмүндө жана төрт эселенген бир жолку акчалай жөлөкпулдарды алышат.

Количество просмотров: 255