• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент: Биздин жолугушуулардын жыйынтыктары кыргыз-түрк кызматташтыгына күчтүү түрткү берет

2 Аяк оона 2018 12:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.09.2018.Govori.TV.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий визитинин алкагында өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жана Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин отурумуна  катышуунун жыйынтыктары боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз жергесине расмий визит менен келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоганды Кыргызстан кубануу менен тосуп алганын белгиледи.

«Сиздин бул сапарыңыз — биздин элдердин бир туугандык карым-катнашын, жылуу мамилесин айгинелейт жана кыргыз-түрк кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө олуттуу салым кошот», — деди ал өзүнүн түркиялык кесиптешине кайрылып.

Сооронбай Жээнбеков чакан чөйрөдөгү маектин жүрүшүндө эки тараптуу орчундуу маселелер талкууланганын, ошону менен катар тараптар эл аралык жана регионалдык маселелерге да көңүл бурушканын жана алардын бардыгы боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишилгенин белгиледи.

«Эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү максатында, 2014-жылдан бери өткөрүлбөй келген Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык Кызматташуунун Жогорку Кеңешинин 4-жыйынын ийгиликтүү өткөрдүк. Бул жыйындын жүрүшүндө кыргыз-түрк кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктап, эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген бардык чөйрөлөрдөгү байланышты күчөтүүнү макулдаштык», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча актуалдуу талкуулар жүргөнүн белгиледи. Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын ишин кайра жандандыруу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Сооронбай Жээнбеков эртең, 2-сентябрда эки Президенттин катышуусу менен эки мамлекеттин ишкерлеринин өз ара аракеттенишүүсүн бекемдеп, жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен таанышканга өбөлгө түзө турган кыргыз-түрк инвестициялык форуму болорун ЖМК өкүлдөрүнүн эсине салды.

Мындан тышкары, коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланып, эки өлкөнүн ортосундагы коргоо, укук коргоо органдарынын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты күчөтүү белгиленди.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында эки тараптуу келишимдик-укуктук база маанилүү болгон документтер менен толукталды.

Экономика, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар, билим берүү жана илим, ошондой эле социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндө бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду.

Мындан тышкары, 2020-жылы боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Түркия Республикасында өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

«Бул жакшы саамалык менен Эрдоган мырзаны жана боордош түрк элин чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Түркия мамлекети бул оюндарга жаңы дем берип, көчмөн оюндарынын дүйнөгө таанымалдуулугун дагы арттырат деген ойдобуз.Кыргыз Республикасы өз тарабынан бул багытта зарыл болгон көмөктү көрсөтүүгө даяр», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Сөзүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу бардык маселелер боюнча Кыргызстандын ачыктыгын жана аларды талкуулоого дайым даярдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Түркия Республикасы менен бир туугандык мамилени жана өнөктөштүктү күчөтүү тышкы саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири экени  өзгөчө баса белгиленди.

«Бүгүнкү биздин жолугушуулардын жыйынтыктары кыргыз-түрк кызматташтыгына күчтүү түрткү таасирдүү импульс  берет жана жаңы деңгээлге алып чыгат», — деп сөзүн аяктап, Президент Сооронбай Жээнбеков бир тууган түрк элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү, ал эми Президент Режепу Тайып Эрдоганга мамлекеттик ишмердүүлүгүндө чоң жетишкендиктерди каалады.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин бардык чөйрөлөрүндө ар тараптуу кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Количество просмотров: 30