• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент Дубайда бир катар жолугушууларды өткөрдү

2 Бештин айы 20239:36 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн убай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында бир катар өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар жана Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анвар-уль-Хак Какар менен жолугушту.

Эскерте кетсек, бүгүн Дубай шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө COP28 — Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын конференциясынын 28-сессиясынын алкагында уюштурулган климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин ачылыш аземи болуп өттү.

Количество просмотров: 104