• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент эс албай эле Индиянын тышкы иштер министри менен жолугуп жүрөт

4 Баш оона 2018 16:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.08.2018.Govori.TV.

Сооронбай Жээнбеков Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды Кыргызстанга  расмий сапарынын алкагында кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Сушма Свараджды жылуу кабыл алып, Кыргызстан Индия менен  достук  мамилелерди өнүктүрүүнү колдоорун белгиледи.

«Өз ара сапарлар активдешип, эки тараптуу мамилелердин позитивдүү динамикасын жана  түрдүү платформаларда мазмундуу кызматташууну белгилеп кетүү кубанычтуу», -деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент  гидроэнергетиканы, саламаттык сактоону, айыл чарбасын жана мамлекеттик органдардын ишмердигине маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды киргизүүнү кызматташуунун артыкчылыктуу тармактары катары атады.

Ошондой эле соода-экономикалык  тармакта жана транспорттук ифраструктураны өнүктүрүүдө тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу боюнча пикир алмашышты.

Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж   Сооронбай Жээнбековду Президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, Циндаодо ШКУнун алкагында Сооронбай Жээнбеков менен эки тараптуу жолугушуусу болгон Индиянын Премьер-министри Нарендра Модринин саламын жеткирди.

«Биз Кыргызстан сыяктуу кооз өлкөдө демократия өнүгүп жана чындалып  жатканына кубанычтабыз. Биз  демократияны мындан ары өнүктүрүүгө катышууга  даярбыз. Мен Кыргызстанга алгачкы ирет расмий сапар менен келдим. Бирок  биздин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер   чейрек кылымдан бери активдүү өнүгүп жатат», -деп белгиледи Сушма Сварадж.

Тараптар Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадждын Кыргызстанга  расмий сапары  эки тараптуу кызматташууну жана өлкөлөр ортосунда достук мамилелерди  мындан ары жемиштүү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.

Эске салсак, Президент 30-июлунан баштап кыска мөөнөттүү бир жумалык эмгек өргүүсүн алды. Мамлекет башчысы Ысык-Көлдө эс алат деген маалымат берилген.

Количество просмотров: 34