• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Президент элчи болгон Султанбаевди кабыл алды

6 Жетинин айы 2023 16:48 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-ноябрда, Кыргызстандын Беларусь Республикасындагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, КМШнын уставдык органдарындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрбол Султанбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы элчиге жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызматташууну тереңдетүү боюнча бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

Өз кезегинде Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Мамлекет башчысына белорус тарап менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча белгиленген пландар тууралуу айтып берди.

Количество просмотров: 114