• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент Эмомали Рахмонду жана тажик элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

9 Аяк оона 2019 13:01 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-сентябрда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонду жана тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы тажик элин Тажикстан Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм! Бүгүнкү күндө Сиздин даанышман жетекчилигиңиз менен Тажикстандын социалдык жана экономикалык жааттагы жетишкен олуттуу ийгиликтери өзгөчө кубандырат. Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин кызыкчылыгы үчүн эки мамлекеттин ортосундагы чыныгы достук жана ынак коңшулук мамилелери мындан ары да​ Сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем»,​ — деп белгиленет куттуктоо телеграм масында.

Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго чың ден соолук, бакутбатчылык жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди, ал​ эми боордош тажик элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады

Количество просмотров: 53