• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент финансы жана экономика системасынын кызматкерлерин куттуктады

7 Кулжа 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Президенттин басма сз кызматынан билдиришкендей, мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика системасынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Өлкө экономикасын өнүктүрүүдө жана чыңдоодо финансы жана экономика системасынын кызматкерлеринин ролу жогору экендиги баарыбызга маалым.

Финансы-экономика чөйрөсүндөгү адистердин күч-аракетинин аркасы менен мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү, тең салмактуу бюджетти камсыздоо, ошондой эле экономиканын глобалдык чакырыктарга туруктуулугун бекемдөө маселелери чечилип келүүдө.

Белгилей кетсек, мамлекеттик финансыны туура башкаруу, киреше мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана мамлекеттик бюджеттин каражатын туура бөлүштүрүү боюнча иш-аракеттер акыркы жылдары өлкөдө алгылыктуу чараларды ишке ашырууга өбөлгө түзүүдө.

Ошентип, соңку мезгилде мамлекеттик бюджеттин эсебинен калктын социалдык аялуу катмарына төлөнүүчү жөлөк пулдардын өлчөмүн, бардык социалдык кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу, айыл чарба тармагын колдоо, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү.

Алдыда гидроэлектростанцияларды, жаңы темир жол тарамдарын куруу, ири ишканаларды ачуу сыяктуу мамлекеттик масштабдагы инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле пенсияларды индексациялоо жана бюджеттик сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча чоң пландар турат.

Мындай чоң-чоң максаттардын жүзөгө ашырылышы Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүшүнө жаңы дем берери талашсыз!

Демек, бул милдеттерди аткаруу сиздердин ар бириңиздерден жоопкерчиликти, ишке ак ниеттүү мамилени жана ошондой эле ыкчамдыкты талап кылат.

Мамлекеттин бакубаттуулугу, экономиканын мындан аркы өнүгүшү финансы-экономика жаатындагы кесипкөйлөрдүн аракетине жана талбаган эмгегине байланыштуу. Сиздер дүйнө жүзү тез өнүгүп жаткан шартта өлкөбүздүн экономикасын ыкчамдатып алга жылдырууга чоң салым кошосуздар деп бекем ишенем!

Кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!”.

Количество просмотров: 77