• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президент Хабаровскиде сабалган кыргызстандыктар боюнча айтты

25 Бештин айы 2019 19:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Президенттин маалымат жыйынында Govori.TV агенттиги Хабаровскиде сабалган кыргыз жарандары тууралуу суроо узатып, мигранттардын укуктарынын корголуусу канчалык деңгээлде ишке ашып жатканына кызыкты.

Ага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков жооп берип, аракеттер тынбай көрүлүп келээрин айтып, бизге мамиле өзгөчө экенин билдирди.

“Мигранттардын укуктары боюнча биз азыр иштеп жатабыз. Азыр кудайга шүгүр, Россияда биздин мигранттарга мамиле жакшы. Себеби алар билет биз Орусиянын эң жакын өнөктөшү экенибизди. Биздин гана жарандарыбызга амнистия берилдир, жалгыз бизге берилди. Бизге мамиле башка жана биз дагы башкалардын мыйзамын сактоого аракет кылалы. Бирок, Россияда эң жакшы иштеп жатат деген баа биздин мигранттарга берилет. Эгер укугу бузулган болсо, аны коргогон атайы мекемелер бар. кайрылса коргойт. Ал эми сиз айтып жаткан маселени жазып алдым көзөмөлгө алам”, – деп жооп берди Жээнбеков.

Эске салсак, 13-декабрда «Азаттыкка» Хабаровскидеги мигранттар 80 чакты кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан алып кетип, сабалганы тууралуу маалымат келген.

Количество просмотров: 166