• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент Исраиловго коомду эмес, ИИМди тазалоону тапшырылды

19 Бирдин айы 2018 16:04 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.01.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн КРнын ИИМ министри Улан Исраиловду кабыл алып, ага Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин тез арада аткаруу тапшырмасын берди. Бул тууралуу Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирүү таратты.
Андан белгилүү болгондой, өлкө башчы министрге ички иштер органдарынын катары “погончон карышкырлардан” тазалап,  милициянын формасын кийип алып коррупция менен алектенген, баңгызат сатуучулар менен кызматташкан, кызматын кыянаттык менен пайдаланган кызматчылардан тазалоону катуу тапшырган.
«Силердин алдыңарда коррупцияны жок кылуу боюнча олуттуу тапшырмалар турат. Андыктан,эң биринчи катарыңарды таза кадрлар менен толуктап, тазаланып, ИИМдин реформасын аягына чыгууга тийишсиңер. Андан соң коомдук тартип менен мыйзамсыздыкка каршы күрөш жүргүзө аласыңар”,-деген президент.
Эске сала кетсек, министр Улан Исраилов Коопкеңешке формасыз барып тил уккан эле, мында генералдык формасы менен келүүнү унутпаптыр.
Количество просмотров: 39