• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Президент эки министрди дайындаган жарлыкка кол койду

26 Тогуздун айы 20189:12 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.10.2018.Govori.TV.
Улукбек Кочкоров эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Азамат Жаманкулов маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Ушул эле күнү вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жамангуловду жалпы жааматка тааныштырды.
Аты аталган эки министрдин талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштап, аларды депутаттардын көбү колдогон.
Количество просмотров: 57