• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент: Кайрадан карантин киргизип кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эмес

30 Кулжа 2020 12:04 Бишкек Govori.TV

Кайрадан карантин киргизип кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эмес. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып билдирди.

«Экономикалык ишмердик чектелбегени менен, санитардык чектөөлөр алынган жок. Жарандар, ишкерлер эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык нормаларын катуу сактоого милдеттүү. Жогоруда айтылгандай, ынтымак, биримдик менен кыйынчылыктарды жеңебиз. Жарандык жоопкерчилик менен тартипти сактап, медициналык нормаларды бузбасак», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал режими азыркыга чейин алына электигин эскертти.

«Комендатуралардын иши токтотулуп, алардын ыйгарым укуктары жергиликтүү бийликке өткөрүлүп берилген. Алардын аймактык граждандык коргонуунун жетекчиси катары укуктары күчүнө кирген. Кырдаалды көзөмөлдө кармап, анын курчушуна жол бербөө үчүн жоопкерчилик Өкмөттүн облустардагы өкүлдөрүнө, шаарлардын мэрлерине, райондордун акимдерине, айыл өкмөттөрдүн жетекчилерине жүктөлгөн», — деди өлкө башчысы.

Количество просмотров: 8723