• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кытай элчилиги Бишкек менен Пекинден жер алмашууну сунуштайт

30 Бугу 2018 17:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.05. 2018. Govori.TV
Бишкек Шаардык Кеңешинин бүгүнкү отурумунда, учурда Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Кыргызстандагы элчилиги убактылуу ээлеп турган жер тилкесин элчиликке өткөрүп берүү боюнча маселе каралды.
«Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Айнура Дубанаеванын түшүндүрүүсү боюнча, Кыргызстандын бул дипломатиялык кадамы үчүн КЭР Пекин шаарынан Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү үчүн 25 сотых  жер бөлүп берет.
“Бүгүнкү күндө КЭРдин Бишкектеги элчилиги 3 гектар жерди ээлейт. Ал жер ижарага берилген, жыл сайын 723 миң сом ижара акысын төлөйт. Эгер келишим кабыл алынса элчилик жогоруда аталган сумманы төлөөдөн бошотулат, аны менен бирге Кыргызстан да Пекиндеги бөлүнө турган жер тилкеси үчүн акы төлөбөйт”, — деди.
Азыркы учурда келишим ведомстволор жана министрликтер менен макулдашуудан өтүүдө.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Асель Куламбаева 3 гектарга 25 сотых жерди алмаштыруу теңдикке жатпай турганын айтты. Бирок, ага Айнура Дубанаева кытай тарап Пекиндеги 25 сотых  жерге кыргыз элчилиги үчүн имарат, турак-жай куруп берээрин, бул жумуштун орточо баасы 9-10 млн. долларды түзөрүн жана долбоор Кыргызстан менен макулдашылган соң ишке кирерин жооп кылды.
Депутаттар келишимди мындай шашылыш түрдө каралуу себебин сураганда, КРнын Президентинин  кийинки жумадагы Пекинге болгон сапарына чейин кабыл алуу маанилүү экендигин экендигин айтты Айнура Дубанаева. Ошондой эле келишимди кароо убактысынын кечигишинин себеби, кытай тараптын келишимдин шарттары менен узак убакыт таанышышы, — деп түшүндүрдү.
Жыйынтыгында БШКнын депутаттары элчиликтин сунушун канааттандырган жок.
Количество просмотров: 70