• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент: Кыргыз- тажик чек арасы толугу менен чечилди

20 Бештин айы 202411:25 Бишкек Govori.TV

Кыргыз- тажик чек арасы толугу менен чечилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда жасап жаткан кайрылуусунда билдирди.

“Кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилди. Коңшубуз Тажикистан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Чек ара маселелери боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн, тынчтыкты жана туруктуулукту бекем сактоонун аркасында ийгиликтерге жетиштик. Бул биздин өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ. Чек ара маселесинин 100 пайыз чечилиши менен эл аралык кызматташууларда жаңы мейкиндиктерди ачып, чек арага жакын жайгашкан аймактардын гана эмес, бүтүндөй республикабыздын ишенимдүү өнүгүшүүнө бекем мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Чек арага жакын жайгашкан аймакта жашаган мекендештерибиздин коопсуздугу түзүлдү. Мурда чек араларда бөлүнүү сызыгы болуп келсе, бүгүн ал биригүүнүн жана кызматташуунун символу болуп калды”, — деди президент.

Количество просмотров: 184