Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Элвира Сурабалдиева 8-март — Аялдардын тилектештик күнүнө карата өткөрүлгөн жүрүшкө шарт түзүлгөндүгү үчүн бишкектик активисттердин атынан мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.
Депутатка жооп кылган мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда тынч митинг-пикеттерди өткөрүүгө эч кандай тыюу салынбаганын айтты.
«Митингдерге тыюу жок. Болгону «Ала-Тоо» аянтында, прокуратура жана сот имараттарынын жанында өткөрүүгө гана чектөө бар. Кимде-ким өз үнүн жеткиргиси келсе, Горький сейил багында мэрияга алдын ала кабар берип, акцияларын өткөрө беришсе болот. Биз буга тоскоолдук кылбайбыз», — деди ал.
Жапаров ошол эле учурда марш, жүрүштөрдө кыргыз элинин табиятына, каада-салтына каршы келген чакырык, плакаттар менен чыкпоого чакырды.
«Бүтүндөй жети жарым миллион элге чыгып алып, «бизди колдогула», «бизге өткүлө» деп лозунгдарды жазып алып чыкканы туура эмес. Жети жарым миллион элдин кыжыры кайнап атпайбы. Кудай анын бетин ары кылсын, элибиздин көпчүлүк бөлүгү ошондой болсо, анда унчукпайт элек. Биз, тескерисинче, аны тыйышыбыз керек, биздин элибиздин каада-салтына туура келбейт да», — деди президент.