• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент менен премьер Аравандагы окуяны талкуулады

21 Аяк оона 2020 16:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-сентябрда Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, онлайн кеңешме учурунда эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу жана жакшыртуу, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү чаралары, ошондой эле Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө мыйзамдуулукту сактоо маселелери талкууланды.

Өкмөт башчысы Ош облусунун Араван районундагы үгүт иштери жүрүп жаткан иш-чара маалында чыккан калайман мушташ боюнча укук коргоо органдарына ыкчам түрдө дыкат иликтөө жүргүзүү тапшырылганын белгиледи. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кубатбек Боронов коомдук тартипти талаптагыдай камсыз кыла албагандыгы үчүн Араван ИИБисинин башчысы ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Араван ройонундагы окуя боюнча Өкмөттүн көз карашын колдоого алды. Келечекте мындай окуяларга жол бербөө максатында жогорудагыдай жаңжалдарга компетенттүү түзүмдөр тарабынан өз маалында бөгөт коюлушу керектигин баса белгиледи.

Количество просмотров: 650