ЖК депутаты Самат Ибраевден акчаларын кайтарып берүүсүн талап кылышкан жарандар Жогорку Кеңештин имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты.
Ондон ашуун адам колдоруна «Ибраев Самат, акчабызды кайрып бер!», «Президент мырза, жардам бериңиз!» деген жазуулары бар плакаттары көтөрүп алышкан.
Алар Ибраевдердин үй-бүлөсү баш-аягы 35 млн. доллар карыз экенин билдирип, аласасы бар кишилердин бир бөлүгү гана пикетке чыкканын айтышты.
Саматбек Ибраев — КСДП фракциясынан депутат. Анын уулу Данияр Ибраевге 2019-жылы ири суммадагы каражатка байланышкан алдамчылык ишине байланыштуу эл аралык издөө жарыяланганы кабарланган.