• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Камактагы Мамбетжунус Абыловдун жубайы президентке кайрылды

28 Жалган куран 2023 16:10 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан Мамбетжунус Абыловдун жубайы Дамира Абылова президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Абылова жолдошу оор операцияны башынан өткөргөнүн белгилеп, аны үй камагына чыгарууну суранды.

«Жолдошумдун абалы абакка түшкөндөн бери начарлады. Ал жакта шарт жок эски оорулары козголду. Өзү бир нече жолу сурангандан кийин гана ооруканага жаткырып, оор операцияны башынан өткөрдү. Бир жума өтпөй кайра абакка которушту. Ошондон бери көрүшө элекпиз. Бир гана биздин үй-бүлөгө эмес, баары үчүн кыйын болуп жатат. Ошол жакта жаткан жаштардын ден соолугу кетти. Улуу Орозо айында президент Садыр Нургожоевичке кайрылгым келет: жапырт камалгандарды үй камагына чыгарып койсо жакшы болмок»,-деди ал.

Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган.

Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Биринчи май райондук соту алардын абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узартылган.

«Кемпир-Абад иши» боюнча кармалган ​Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыккан.

Количество просмотров: 934