• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Президент Нарын облусуна барды

19 Баш оона 202011:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 19-20-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат. Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Количество просмотров: 930