Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, президент мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларда жабыркаган айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын ичинде 46сы – Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан. Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала-бакча, эки милиция пункту, 24 май куюу станциясы, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.