Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 18-июлда мамлекеттик сапар менен кошуна Өзбекстанга барат. Бул тууралуу маалымат шаршембиде өлкө башчысынын сайтына жарыяланды.
Президенттик администрациянын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда бир катар сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Ошондой эле эки тараптуу долбоорлорду онлайн ишке киргизүү аземи уюштурулат.
Сапардын алкагында Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрү, бизнес-форум, жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жыйындары болот.