• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келди

18 Теке 202413:47 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, мамлекеттик сапар менен Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) келди.

Мамлекет башчынын борту Ташкент шаарындагы Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу, ошондой эле башка расмий иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Ташкент жана Хива шаарларында өтөт.

Количество просмотров: 158