• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент Садыр Жапаров Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине жөнөп кетти

25 Теке 202411:39 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун чакыруусу менен XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Франциянын Париж шаарына жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун «Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге» аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.

Количество просмотров: 135