• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Президент Садыр Жапаров Парижге келди

25 Теке 2024 17:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге (Франция Республикасы) келди.

Мамлекет башчынын борту “Ле Бурже” эл аралык аэропортуна конду.

Эске салсак, сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк — жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.

Количество просмотров: 122