• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Президент Садыр Жапаров поезд менен Балыкчыга барды

28 Теке 2024 15:28 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда, баш калаадагы Бишкек-2 темир жол бекетине пландан тышкары барып, реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Темир жол бекети 1938-жылы курулган. Акыркы он жылда Бишкек-2 темир жол бекетинин имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Президент имараттын учурдагы оңдоо иштери менен таанышты.

Президент «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу боюнча бардык сын-пикирлерди эске алууну жана аларды жоюу боюнча керектүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Андан соң Мамлекет башчысы поезд менен Балыкчы шаарына жөнөп кетти.

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев Мамлекет башчысына узундугу 186 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, 38 чакырымга чейин жол полотносу жана суу өткөрүүчү түтүктөр курулду. Жыл аягына чейин жалпысынан 40 чакырым темир жолду бүткөрүү пландалууда.

Эске салсак, 2022-жылы Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы үчүн социалдык-экономикалык жактан маанилүү болгон «Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштерине старт берген.

Президент Садыр Жапаровду поездден көргөнүнө жетине албаган жүргүнчүлөр сүрөткө түшүп, ажонун жөнөкөйлүгүнө таң калышты. 

Количество просмотров: 167