• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент Садыр Жапаров Токтогул районундагы “Кайнама” чакан ГЭСин ачты

22 Теке 202418:16 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда, Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында “Кайнама” чакан гидроэлектростанциясын (ГЭС) ачты.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда орун алган “Кайнама” ААК чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын ноябрында башталган. 2024-жылы кубаттуулугу 9,6 МВт болгон эки гидроагрегаты бар гидроэлектростанциянын курулушу аяктады.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундарды ГЭСтин ачылышы менен куттуктап, бул окуянын өлкөнүн энергетика тармагындагы жетишкендик катары белгиледи. Ошондой эле Президент өлкөдөгү энергетикалык көйгөйлөрдү чечүүнүн артыкчылыктуу багыты ГЭСтерди куруу экенин айтты. Бул контекстте Садыр Жапаров бизнесмендерди жана инвесторлорду бул демилгени колдоого жана бул тармактагы долбоорлорду ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында ушул сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюлганын белгиледи.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров өлкөнүн энергетика жаатындагы адистери бара-бара такшалып, мол тажрыйба топтоп, бардык жарандарды туруктуу энергия менен камсыздап жатканын кошумчалады.

Ушул эле жерде Президент Садыр Жапаров жергиликтүү эл менен баарлашып, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди, тактап айтканда, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу айылдарда да жүргүзүлүп жатканын айтып өттү. Муну менен жергиликтүү тургундардын жашоо шарты жакшырып, айдоо жерлери сакталып калат.

Количество просмотров: 95