• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Президент Жапаровдун Өзбекстанга болгон расмий сапарындагы кол коюлган документтер

18 Теке 2024 20:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн,Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Ташкентке барып, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Мындан тышкары эки өлкөнүн биргелешкен долбоору — автоунаа кураштыруу заводунун жана текстилдик долбоордун ачылышына катышты.

Расмий сапарынын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду. Анда эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда жашыруун маалыматтарды алмашуу, курулуш, мамлекеттик кызмат, маданият, азык-түлүк жана айыл чарба чөйрөсүндө кызматташуу камтылган.

Кол коюлган документтердин толук тизмеси төмөнкүдөй:

1. Эки өлкө президенттеринин биргелешкен билдирүүсү;

2. Жашыруун маалыматтарды алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;

3. 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

4. Кыргызстандын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Өзбекстанстандын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ортосундагы курулуш иштери жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

5. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө протокол;

6. Маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;

7. 2024-2026-жылдарга айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча “Жол картасы”;

8. Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция жаатындагы ниеттер жөнүндө протокол;

9. Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча практикалык иш-чаралардын планы («Жол картасы»);

10. Бишкек жана Ташкент мэрияларынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;

11. Стратегия багытында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

12. Өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү боюнча иш-чаралардын планы.

Количество просмотров: 142