• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент саясий элита менен жолукту.. Коомчулук кандай пикир кошту?

21 Жетинин айы 2018 10:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек.21.11.2018.Govori.TV
Президенти Сооронбай Жээнбеков 20-ноябрь күнү өлкөнүн экс-премьер-министрлери жана мурдагы төрагалары менен жолуккан. Бул жолугууга мурунку премьер-министрлерден Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев,Амангелди Мураталиев,Турсунбек Чынгышев,Феликс Кулов, Азим Исабеков,Игорь Чудинов, Жоомар Оторбаев жана Темир Сариевдер катышыты. Жолугушууга экс-төрагалар Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков жана Чыныбай Турсунбеков келип, өз ойлорун ортого салышты.
Бул жолугушуунун жүрүшүнө коомдук активисттер,журналисттер жана жөнөкөй жарандар дагы үн кошушуп,  билдирүүлөрдү жазышты.
Журналист Кунболот Момоконов,
“Атамбаев кечээ «Бул бийлик Бакиевдерге жакындап баратат»,- деп айткан. Аны Акмат аке ачык эле жолго сала баштады. Биринчиден, ТЭЦ боюнча кеңеш айтып, ага ким күнөөлүү экенин оңой эле ачыктаса болот деп, адвокат болот. Экинчиден, Бакиев кездегидей чек ара маселесинен улам борборду түштүккө көчүрүү керек дегендей ойду кылтыйтты. Бакиевдин кубаланып кетишинин эң негизги себеби ушул болгон. Электр тарифи, Мегаком, тезектер булар шылтоо. Эң негизгиси, борборду бербөө. Берсек өмүр бою Максим башкарат деген түшүнүк жеп койгон. Эми ошол жараны Келдибеков акырын кылтыйтты. Мында жеке менде жаман ой жок. Тек, экономикалык жактан кыйналып, алдыбызда оор күндөр турганда, кыйкым керекпи деген кеп. Айтор, бул жаатында сөз көп. Келдибеков кимдир бирөөнүн «шыбырамасы» болгонун билдирип койду. Албетте, таарынычы экске күчтүү. Бирок, бул жерде башка маселелерди талкуулай турган жер да. Ал адвокат болду”,-деп билдирүү жазды.
Ал бир эле Келдибековго эмес, жыйынга катышкан премьер жана төрагалардын сүйлөгөн сөзүнө комментарий берип жатты.
«Темир Аргенбаевич, инвестициянын келбей жатышын «элдин тентектиги» менен түшүндүрдү. Жер-жердеги башаламандыктар инвестицияны качырып атат дейт. Өтө чоң жанылыштык. Инвестор мамлекеттин элине бийлигинин кадыры канчалык экенин, мыйзамдары, нормалары кандай сакталып, коррупциянын көрсөткүчү канчалык экенине басым кылат. Инвестор жеке кызыкчылык менен келип жаткан соң, биздин өлкөнүн бийлигине билгизбеген элдик аракеттерди, каршылыктарды ичинен баалайт. Себеби, биздин бийликтин деңгээлин билет. Эл дайыма коррупциялашкан өлкөдө баарын туура кылып атканын туят. Биз биринчи кезекте инвестордун кызыкчылыгынан мурун, өлкөнун анан элдин кызыкчылыгын көбүрөөк коргогон жерде, инвестициянын агымын тетирисинче көбөйтө алабыз. Инвестордун түшүнүгү «ал өлкө өзүнүн элин, жерин коргой алат демек элинен колдоо таба алат, эли колдогон бийликте стабилдүүлүк болот»,- деп ойлонот. Жок, мындайга карабай келген инвестор-булар аферистер. Лиглас, РусГидро, Жеруй, ТЭЦ»,-деген оюн калтырган.
Ал эми журналист Самат Жумакадыров,
«Президенттин маалымат кызматына «С.Жээнбеков менен А.Мадумаровдун кол алышкан сүрөт, видеосун жарыялабагыла» деген тапшырма берилген окшойт. Болбосо ал адамдын пресс-релизден башка жеринде жүргөнүн көрө албай койдум»,-деп Адахан Мадумаровдун сүрөтүн издегенин жазды.
Количество просмотров: 22