• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Президент ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларын кабыл алды. Көтөрүлгөн маселелер…

26 Тогуздун айы 2023 11:45 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкек шаарында өтүп жаткан ШКУнун өкмөт башчылар Кеңешинин жыйынына катышуучу делегация башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Беларусь, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Индия, Пакистан өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары жана делегация башчылары, ошондой эле ШКУнун башкы катчысы катышты.

Мамлекет башчысы меймандос кыргыз жергесинде бардыгы менен саламдашып жатып, Шанхай Кызматташтык Уюму эл аралык укуктун, биринчи кезекте БУУнун Уставынын үстөмдүгүн камсыздаган адилеттүү тынчтык тартибин калыптандыруу кызыкчылыгында жемиштүү кызматташуу үчүн ишенимдүү платформа катары иш алпарарын белгиледи.

«Дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ШКУ өлкөлөрү коопсуздукту камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Бул өлкөлөр эл аралык уюмдун жаңы жүзүн калыптандыруу менен өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп жатканын айта кетүү мен үчүн жагымдуу нерсе. Ушул контекстте ШКУнун Регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн позитивдүү ролун айткым келет, ал терроризм, сепаратизм жана экстремизм менен күрөшүүдө компетенттүү органдардын кызматташтыгына зарыл көмөк көрсөтүүдө», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент акыркы эки жылда уюмду кеңейтүү боюнча иштер аткарылганын белгиледи – буга Ирандын кириши жана Беларустун ШКУнун толук укуктуу мүчөсү катары кабыл алынышы далил болуп саналат. Уюмдун географиялык кеңейиши дүйнөлүк аренада ШКУнун эл аралык салмагын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн ШКУдагы кызматташуу тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгиледи. Кыргызстан ШКУнун уюштуруучу-мамлекети катары ШКУнун Хартиясынын принциптерин жана жоболорун так сактайт жана ШКУнун уставдык документтеринде аныкталган бардык багыттар боюнча диалогго катышкан ШКУнун мүчө-мамлекеттери, байкоочу-мамлекеттери жана өнөктөштөрү менен кызматташууну жүзөгө ашырат.

Президент Уюмдун алкагында өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган негизги сунуштарды жана приоритеттерди белгиледи.

«Коопсуздук ШКУнун ишмердүүлүгүндөгү приоритеттердин бири болуп саналат. Ушул өңүттөн алганда, ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу механизмин өркүндөтүү жөнүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Чечимин өлкөлөрдүн тийиштүү демилгелерин, анын ичинде Кыргызстандын Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча борборду уюштуруу демилгесин эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү деп эсептейм. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин ШКУнун ишин өркүндөтүү жөнүндө кабыл алынган чечиминин контекстинде модернизациялоо процессин улантуу зарыл. Уюмду кеңейтүү боюнча жасалган процессти эске алуу менен ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрүн биргелешкен долбоорлорго жана иш-чараларга активдүү катышууга тартуу маанилүү деп эсептейм.

Буга байланыштуу диалогго катышкан өнөктөштөрүбүз менен өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасын иштеп чыгуунун жана кабыл алуунун маанилүүлүгү жөнүндө сунушубуз актуалдуу деп эсептелет. Электрондук коммерция, жашыл экономика, соода, финансы жана инвестициялар, маданий жана гуманитардык байланыштар жана өлкөлөрүбүздүн өз ара кызыкчылыгына ээ болгон башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү зарыл», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү дээрлик бардык тармактарды, анын ичинде коопсуздук, терроризмге каршы күрөшүү, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, маданият, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана башка көптөгөн тармактарды камтыганын канааттануу менен белгиледи.

«Биз кабыл алынган бардык документтерди жана программаларды практика жүзүндө ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилейбиз. Буга байланыштуу, ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешине ШКУнун жетишилген макулдашууларын жана документтерин ишке ашыруу боюнча жалпы координациялоону жана мониторингди жүргүзүү маанилүү деп эсептейм. ШКУнун Өкмөт башчылар Кеңешинин бүгүнкү жыйынында ШКУнун алкагында көп пландуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланып, биздин Уюмду мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо турган тиешелүү чечимдер жана документтер кабыл алынарына толук ишенем», — деп президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

Количество просмотров: 78