• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Нью-Йорктон президент Жээнбеков жөнөкөй эле учак менен келди

27 Аяк оона 2018 10:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.09.2018. Govori.TV

Бул тууралуу интернет колдонуучулары өздүк баракчаларына жазып, сүрөттөрүн жүктөштү. Маалыматтардын биринде:  “Ажобуз Сооронбай Шарипович Жээнбеков дагы бир жолу өзүнүн жөнөкөйлүгү менен таң калдырды. Ал жөнөкөй эл каттаган аба каттамы менен келди. Ошоной узун жолду кыскартып, Манас эпосу, тарыxый баатырлар жана окуялар жөнүндө айтып берип, болочоктогу чоң долбоордун алгачкы кадамын таштады”-деп жазылган.

Буга чейин Президентке таандык учактын абалы өтө начар экенин, сындан улам алыскы сапарларга коомдук каттамдар аркылуу учуп жүргөнүн депутат Абтандил Кулбараков айтып чыккан.

“Биздин  өлкө башчыны, расмий делегацияларды ташыган 1993-жылы чыккан ТУ 154 учагы эле бар экен, ал дагы 25-жыл мурда чыккан. Президент Ош жана Москвага иш сапары менен барган учурда катардагы каттамдар менен учуп жүрөт. Бирок, атайын сапарларда  бул ыңгайсыз. Айтайын дегеним, иш сапары учурунда президентибиз жалгыз учпайт, аны депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, журналситтер коштоп жүрөт. Ошондуктан бул маселени кечиктирбей чечүү керек”, – деп билдирген Кулбараков.

Количество просмотров: 20